• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ишкерден опузалап акча талап кылууга шектелип мурда бир нече жолу соттолгон жаран аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-бөлүгүнүн кызматкерлери опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүштү.

ИИМден кабарлашкандай, буга чейин ички иштер органдарына ишкер кайрылып, опузалап акча талап кылып жаткан жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Аныкталгандай, чала тааныш адам өзүн криминалдык авторитет катары тааныштырып, коркутуу жолу менен опузалап келген.

Маалым болгондой, ишкер товарларды ташып жеткирүү менен алектенип жүргөн. Криминалдык элементтер ишкерге ар дайым чалып, акча каражатып опузалап талап кылып, андан соң ири суммадагы акчаларын алып кетип жүрүшкөн.

2020-жылдын ноябрь айында телефон чалышып, коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылып, ири суммадагы акчасын алып кетишкен. Опузалап талап кылган жаран ишкердин акчасын алуу үчүн өзүнүн жакын адамын жиберип жүргөн. Кылмышкерлер алып жүргөн акча каражатынын жалпы суммасы бир нече жүз миңди түзөт.

Жабырлануучу милицияга кайрылуудан мурда көпкө чейин ойлонуп жүргөн. Бир жыл өткөн соң гана опузалап талап кылуу фактысы белгилүү болгон. Аталган фактыны иликтөөнүн алкагында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Коркутуу жана опузалап талап кылуу фактысына тиешеси бар жарандын өздүгү такталып, ал Нарын облусунун 36 жаштагы О.Ж. аттуу тургуну болуп чыкты. Ал Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жатат. Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Аны тергөө кызматына жеткиришкен. Андан сырткары, ыкчам иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө шектүүнүн шакиртинин өздүгү дагы такталып кармалган.

О.Ж. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий