• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл облусунда 42 жаштагы жаран мектеп окуучусун зордуктады деп шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.07.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда эркек киши мектеп окуучусун зодуктады деп шектелүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ысык-Көл облустук ИИБнен кабарлашты.

Милициянын билдирүүсүндө ылайык, Жети-Өгүз районунун 1976-жылкы Т.Э., аттуу жашоочусу айылдашы 2005-жылкы мектеп окуучусун зордуктады деп шектелүүдө.

“Кыздын айтымында 1-июнда шектүү чоңдор жок экендигинен пайдаланып, кызды зордуктаган. Эки айдан кийин 2-июлда ал кайрадан кызга балмуздак жана шире суусун берип, зоруктоого аракет кылган. Кыздын атасы байкап калган кезде шектүү качып кеткен. Атасы милицияга кайрылган”, - деп билдиришти ИИБден.

Эртеси күнү шектүү кармалган. Кылмыш иши козголду, учурда шектүү жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий