• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын судьясы пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан сот тутумундагы коррупциянын көрүнүштөрүн жоюу боюнча жүргүзүлгөн системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы И.Н.А. опузалап акча талап кылып алгандыгы үчүн кармалды.

Бишкек шаардык сотунун айрым судьялары каралып жаткан кылмыш ишинин алкагында эркинен ажыратуу менен байланышпаган оң чечим чыгарып берүү үчүн жактоочунун ортомчусу аркылуу соттолуучунун жакын туугандарынан опузалап 5 миң долларын (443 миң500 сом) өндүрүп алышкан. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, соттор тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схеманын иш жүзүндөгү фактысы, алардын кылмыштуу иштерине “ишенимдүү” адвокаттар тартылганы аныкталды.

Ошол эле учурда, судьяга акча каражаттарын берүүнүн алдында жактоочунун жанында мурда даярдалган (адалдоого алынган) каражаттар болушу керек болчу, алар соттук коллегияга кирген экинчи инстанциянын судьяларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Белгилей кетсек, акча каражатын алмаштыруунун бул схемасы системалуу мүнөзгө ээ болуп, судьялар менен алдын ала макулдашылып адвокат тарабынан анын кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында ишке ашырылып жүргөн.

Бул кылмыштуу амалдын катышуучуларынын планы боюнча, эгерде алар укук коргоо органдары тарабынан кармалса, адвокат туруктуу жана ишенимдүү ортомчу катары, акча каражатын көрсөткөн юридикалык кызматы үчүн акы катары алганын айтмак, ал тууралуу алдын ала ойдон чыгарылган келишим түзүлүп даярдалган.

Ошону менен бирге, зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин бардык колдо болгон маалыматтарды, анын ичинде судьянын түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылган акча каражаттарын алуу жана адалдоо боюнча “белгиленген коррупциялык схеманын иштешин”, судьялар жеке коопсуздугуна ынангандан кийин акча каражатын алганын тастыктаган көрсөтмөлөр алынды.

2023-жылдын 27-сентябрында КР Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаардык сотунун судьясы И.Н.А. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2023-жылдын 26-ноябрына чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Азыркы учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар Бишкек шаардык сотунун башка судьяларынын жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кылмыш иштеринин далил базасын бекемдөө боюнча тиешелүү активдүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий