• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте ун жана нан азыктарына баанын жасалма түрдө көтөрүлүшү аныкталган жок

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Бишкекте социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлүүдө.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, муниципалдык администрациянын жана МАБдын адистери күн сайын социалдык маанидеги товарларга, атап айтканда ун, нан, сүткө болгон бааларды көзөмөлдөөдө.

Бүгүнкү күндө «Глобус», «Азия», «Народный» соода борборлорунда, ошондой эле Аламүдүн жана «Ак-Эмир» базарларында ун жана нан азыктарына баанын жасалма түрдө көтөрүлүшү аныкталган эмес.

Муниципалдык администрация райондун тургундарын социалдык маанидеги товарлардын баасы мыйзамсыз көтөрүлүп жаткан фактылар боюнча 0312-53-13-51 телефону аркылуу билдирүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий