• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин кеңешинин жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Өзбекстандын Хива шаарында ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин XXXVIII жыйыны өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маданият казынасына өзгөчө салым кошуп, дүйнө жүзүнө түрк маданиятын таанытууга жана даңазалоого багытталган жыйынга Өзбекстандын вице-премьер-министри жана туризм министри Азиз Абдухакимов, Азербайжандын маданият министри Анар Каримов, Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Казакстандын маданият жана спорт министринин орун басары Нуркиса Дауешов, Түрк кеңешинин башкы катчысы Багдат Амреев, TүркПАнын башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов, жана Түркмөнстандын маданият министринин орун басары Нурсахет Ширимов катышты. Жыйындын жүрүшүн Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков алып барды. Ал эми, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дюсен Касенов ден соолугуна байланыштуу аралыктан катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ТҮРКСОЙдун өткөн жылдагы аткарылган иштери жана финансылык ишмердүүлүгү боюнча маалымат угулуп, кийинки жылга карата иш планы бекитилди.

Ошондой эле, "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору-2022" наамына талапкерлер шаарлар жана түрк дүйнөсүнүн маданиятынын жана искусствосунун өнүгүшүнө салым кошкон көрүнүктүү маданият ишмерлеринин юбилейлери каралды.

Жыйынтыгында маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин XXXVIII жыйынынын чечимине ылайык Бурса шаары "2022-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" болуп таанылды.

Жыйындын жүрүшүндө Түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү инсандарынын 2022-жылга карата тизмесине КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев министри Кайрат Иманалиев белгилүү драматург Токтоболот Абдумомуновду анын 100 жылдыгынын урматына сунуштап, сунуш катышуучулар тарабынан бир добуштан колдоого алынып, 2022-жыл "Кыргыз драматургу, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Токтоболот Абдымомунов жылы" деп жарыяланды.

Мындан сырткары, эл аралык деңгээлде белгилене турган түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү маданият жана искусство инсандарынын ысымдары аныкталып, 2022-жылы "Көрүнүктүү Азербайжан композитору Фикрет Амировдун жылы",жана "Улуу түрк акыны Сулейман Челебинин жылы" болуп белгиленип, ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдө алардын элесине арналган иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү туралуу макулдашылды.

Эске салсак, мындай чечимдер Токтоболот Абдымомуновдун жана Фикрет Амировдун 100 жылдыгына, муну менен катар Сулейман Челебинин 600 жылдык мааракесине байланыштуу кабыл алынды.

Жыйындын соңунда ТҮРКСОЙдун убактылуу координациясы Түркияга өтүп, жыйынтыктоочу документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий