• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын аймагында ашыкча жүк ташыган айдоочуларга рейд жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 5-февралынан тартып Кыргызстандын аймагында ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларга рейддик иш-чаралар жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Министрлик Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан жүргүнчү ташуунун эрежелерин, эл аралык жүк ташуулардын талаптарын жана белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында рейддик текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирет.

Анын алкагында Токмок шаарында жана Кемин районунда оор жүк жана жүргүнчү ташыган унаалар текшерүүгө алынып, унаалардын ээлерине КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренесине ылайык, жалпы 125 миң сомго айып салынды. Ал эми жүргүнчү ташыган 10 унаанын айдоочусуна түшүндүрүү иштери менен бирге тиешелүү протоколдор толтурулуп, 14 миң 500 сом айып жазылды.

Министрлик текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турарын белгилеп, айдоочуларды салынган жолдордун талкаланышына жол бербөөгө жана тартипти бузуудан алыс болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий