• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Жалал-Абадда кафедеги официантты ур-токмокка алган жаран Ташиевдин тууганы эмес

Коом 0

Бишкек, 09.10.21. /Кабар/. Жалал-Абадда кафедеги официантты ур-токмокка алган жаран Камчыбек Ташиевдин тууганы эместигин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир катар ЖМКлар ушул жылдын 17-августунан 18-августуна караган түнү Жалал-Абад шаарындагы “Достук” кафесинин официантынын денесине залал келтирип, белгисиз тарапка качып кеткен жеке адамдардын катышуусуна УКМКнын төрагасынын туугандык тиешеси бар экендиги тууралуу жалган маалыматтарды жарыялашкан.

“Аталган жаңжалды уюштурган адам УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тууганы эмес экенин жана ага эч кандай тиешеси жок. Ырасталбаган мындай түрдөгү маалыматтар аркылуу УКМКнын төрагасынын атын каралоо жана анын аброюна шек келтирүү максатында болууда”, - деп айтылат маалыматта.

Камчыбек Ташиевдин жогорудагы аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо үчүн жергиликтүү ички иштер органдарына ар тараптуу жардам көрсөтүүнү тапшырды.

УКМК атайын кызматтын аркасына жашырынып жана анын төрагасы менен туугандык байланышта болуу боюнча жалган иш аракеттерге мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий