• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте коомдук транспорттогу тейлөөнүн сапатын жогорулатуу аракет көрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспортту текшерүү уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө аялдамаларда туура токтоо, транспортту техникалык тейлөө, GPS-трекерлердин функционалдуулугу, санитардык нормалардын сакталышы жана накталай төлөмдөр үчүн талондорду берүү текшерилүүдө.

Тешкерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталса, протоколдор түзүлүп, айдоочуларга катуу эскертүүлөр берилет.

Белгилей кетсек, күнүмдүк рейддер коомдук транспорттордогу тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган. Мындай иш-чараларды системалуу түрдө ишке ашыруу Бишкек шаарында тартипке салынган, коопсуз транспорт чөйрөсүн түзүү стратегиясынын негизги элементи болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий