• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын түштүгүндө изилденген 13 миң гектар жердин дээрлик 9 миңин чегиртке мекендеген

Коом 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын түштүгүндө изилденген 13 миң гектар жердин дээрлик 9 миңин чегиртке мекендеген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы чегирткелердин биринчи чыгышы 11-апрелде Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айылында катталды. Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана жайыттарды коргоо максатында, Департамент тарабынан өз убагында атайын техника, ГСМ жана пестициддер жеткирилди.

Аксы районунун Кербен шаарындагы Күлүк-Дөбө участогунда чегирткенин чыгышы май айынын башында катталды жана Департаменттин атайын техникалары дароо жеткирилип, 6-майда аталган участокто химиялык иштетүүлөр башталды, башкача айтканда иштетүүлөр өз убагында башталды. Бул участокто жалпы 550 гектарда чегирткелер аныкталып, химиялык иштетүүлөр 2-3 күндүн ичинде бүткөрүлдү.

Зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү иштери чегирткенин айыл чарба өсүмдүктөрүнө жана жайыттарга зыян келтирүүсүн алдын алды.

Белгилей кетсек, бул участокто чегирткелердин очоктору мурда катталган эмес жана жогоруда белгилегендей, бул көрүнүш дагы климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу.

2022-жылдын 11-майына карата республика боюнча чегирткелерди аныктоо боюнча изилдөөлөр 13 миң 245 га аянтта жүргүзүлүп, 8970 гектар аянтта чегирткелер табылган, анын ичинен Жалал-Абад облусунда - 8 020 га (Ноокен районунда - 4 250 га, Сузак районунда - 900 га, Аксы районунда - 2 870 га) жана Баткен облусунда - 950 га (Лейлек району).

Химиялык иштетүүлөр жалпы 4 750 гектарда, анын ичинде Жалал-Абад облусунда - 4 650 га (Ноокен районунда - 2 450 га, Сузак районунда - 600 га, Аксы районунда - 1 600 га) жүргүзүлдү.

Азыркы учурда Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери тарабынан чегирткелерди аныктоо боюнча кеңири масштабдуу изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат, ошондой эле заманбап (күнүмдүк өндүрүмдүүлүгү 200 гектарга чейин) 5 уучачуучу атайын техникалар (Жалал-Абад облусунда - 4, Баткен облусунда - 1) чегиртке чыккан аймактарда иштеп жатышат.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө чегирткелерге каршы күрөшүү иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык каражаттар (атайын техника, ГСМ, пестициддер) жетиштүү.

Пикир

Оставить комментарий