• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Кечеде көмүр казып алууну 1,5 млн тоннага чейин көбөйтүү пландалууда - президент

Президент 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Быйыл Кара-Кечеде көмүр казып алууну 1,5 млн тоннага чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу КР президенти Садыр Жапаров өзүнүн Facbook`тагы баракчасына жазды.

"Кыш мезгилинен кыйынчылыксыз чыгып алдык.

Динамика көрсөтүп тургандай, 2019-жылы Кара-Кече көмүр кенинен эң көп көлөмдө - 554 миң тонна көмүр казып алыптырбыз. Ал эми 2021-жылы 1 миллион 225 миң тонна көмүр казып алууга жетиштик.

Кудай буюрса, алдыдагы кыш мезгилине карата көмүр казууну 1 миллион 500 миң тоннага жеткиребиз деп пландап жатабыз. Бишкек ЖЭБине жылдагыга караганда 100 миң тонна көмүр аз жагылып, 100 миң тонна үнөмдөлдү десек болот. Себеби таза көмүр жактык. Өз убагында катуу көзөмөлдөп турсак эле баары орду ордуна келет экен", - деп жазды президент.

Пикир

Оставить комментарий