• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен шаарына "акылдуу" электр эсептегичтерин орнотуу иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Баткен шаарына "акылдуу" электр эсептегич орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен электр тармактар ишканасы керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында Баткен шаарында жашаган обоненттерге жалпы 7 500 даана "акылдуу" электр эсептегичтерди орнотуу иштерин жүргүзүүдө

Кыргызстан улуттук электр тармагы ААКнун өздүк эсебинен келген бул акылдуу эсептегичтер алдыда жалпы облус аймагында обоненттерге орнотуу пландалууда.

Белгилей кетсек, облус аймагына "акылдуу" эсептегич орнотуу жумушу ушул жылдын январь айында Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында башталган.

Эмне үчүн алар "акылдуу" деп аталат?

Анткени бул эсептегичтер:

• реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчөрдү серверге автоматтык түрдө берет;
• чектен ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт;
• дебитордук карыз үчүн автоматтык түрдө өчүрүлөт жана төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кошулат;
• эсептегичтин иштешине сырттан тоскоолдук кылуу аракеттери жөнүндө автоматтык түрдө билдирет.

Эмне үчүн акылдуу эсептегичтер орнотулат?

Себеби алар:

• үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылат;
• берилген электр энергиясынын сапатын жогорулатат;
• коррупцияны жоюуга жардам берет;
• электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт.

Пикир

Оставить комментарий