• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кумтөр Барскоон айылындагы кесиптик лицейге жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Кумтөр Барскоон айылындагы кесиптик лицейге жардам көрсөттү, деп кабарлайт аталган ишкананын маалымат кызматы.

Билдирүүдө айтылгандай, билим берүү тармагын колдоо “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун (ЖАК) социалдык саясатынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

Кумтөр ишканасы 2023-жылы Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында жайгашкан № 55 кесиптик лицейдин 80 орундуу жатаканасын курууга жана Кызыл-Суу айылындагы 100 орундуу филиалын ачууга көмөктөшкөн.

Жакында эле аталган филиалдын материалдык-техникалык базасын чыңдоого Кумтөр кошумча 425 миң сом жардам көрсөттү.

1983-жылы ачылган № 55 кесиптик лицейде бүгүнкү күндө учурдун эмгек рыногунда өтө көп талап кылынган электрик, ширетүүчү, тигүүчү, ашпозчу, ветеринар сыяктуу адистиктер боюнча 330дан ашык жаштар билим алууда.

Пикир

Оставить комментарий