• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин айрым жерлеринде газ убактылуу өчүрүлөт (тизме)

Коом 0

Бишкек, 12.01.18. /Кабар/. Бишкектин айрым аймактарында газ убактылуу жок болот,-деп билдирет “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма сөз кызматы.

Ага ылайык, газ берүү төмөнкү даректерде жок болот.

-15-16-январда Бишкек шаарынын М.Сагынбай көчөсү №77 дарегинде;

-15-26-январда Бишкек шаарынын Кызыл курулуш, Керамическая жаңы конуштарында, Төмөнкү Ала-Арча айылында, Андижанская, Логвиненко, Биринчи май, Зеленая, Колхозная, Киргизская, Белинский, Коллективная, Аул, Новосельская көчөлөрүнүн, Аульный чакан көчөсүнүн, чакан Чүй каналынын кесилишкен аймактарында убактылуу жок болот.

Ишканадан кабарлашкандай, оңдоо иштери кыш мезгилинде жарандарды көгүлтүр от менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий