• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россияда жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандык жарандын күйөөсү аялынын өлүмү тууралуу уккан соң асынып алды

Коом 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Россиядагы жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандык аялдын күйөөсү жубайынын өлүмү тууралуу уккан соң асынып алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине дарыгерлер билдиришти.

Дарыгерлердин айтымында, 6-сентябрда Новосибирск шаарында эки кыргызстандык аял жол кырсыгына кабылган. Алардын бири кош бойлуу болгон.

“Кош бойлуу аял учурда травматология бөлүмүндө жатат. Анын курбусу кырсык болгон жерде каза болгон”, - деп билдирди дарыгер.

Көз жумган аялдын күйөөсү анын өлүмү тууралуу укканда өзүн өзү өлтүргөн. Жубайлар бир ай мурда баш кошушкан.

Дарыгерлердин айтымында, кырсыктан жабыркаган кош бойлуу аялга операция жасалган. Бүгүнкү күндө анын абалы канааттандырарлык.

“Эң таң калычтуусу, анын ичиндеги түйүлдүк аман-эсен. УДИнин жыйынтыгы жана жүрөктүн согушу идеалдуу. Аялдын күйөөсү да кыргызстандык, ал күн сайын жубайына келип жатат”, - деп билдирди дарыгер.

Пикир

Оставить комментарий