• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Назарбаев компания башчыларына Түркстанда бирден объект курууну тапшырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөдөгү ири компаниялардын жетекчилерине Түркстан облусунун борборуна бирден объект куруу тапшырмасын берди. Бул тууралуу 1-октябрда облустук акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Назарбаев мындай тапшырманы Түркстан облусунун социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө арналган кеңешме маалында берди. «Мамлекет башчы ар бир объектини кагазга белгилеп, курулуш кимге тапшырылганын жазып койду», — деп айтылат акимчиликтин билдирүүсүндө.

Анда ошондой эле туруктуу түрдө мамлекетке колдоо көрсөтүп келген ишкерлердин бири катары ENRC корпорациясынын түзүүчүлөрүнүн бири, миллиардер Патох Шодиев көрсөтүлүп, ага Түркстанда Түрк элдеринин музейин куруу тапшырмасы берилгени жазылган.

Акимчиликтин билдирүүсүнө ылайык, «КазМунайГаз» компаниясынын башкармалык төрагасы Сауат Мынбаевге эл аралык талаптарга жооп берген стадион куруу, BI Group компаниясына «Казак хандарынын, бийлеринин жана баатырларынын борборун», «Хайвилл Казакстан» курулуш фирмасына турак-жай комплекстерин, «Казакстан темир жолуна» Жаштар ордосун жана KEGOC компаниясына Хожи Ахмед Ясавинин кичи музейин куруу тапшырмалары берилди.

Мындан тышкары ишкерлер Данияр Абылгазин менен Нурлан Смагулов суу спортуна ылайыкташкан комплекс жана автосалон куруп берүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 29-сентябрда Түркстан облусуна барып, облустун каржы туруктуулугун бекемдөө маанилүү экенин белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий