• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркмөнстанда кайрадан кумшекер тартыш болууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.05.18. /Кабар/. Түркмөнстанда азык-түлүк каатчылыгы уланууда. Учурда Ашхабадда кумшекер кайрадан кымбаттап, аны айрым мамлекеттик дүкөндөрдөн сатып алуу мүмкүн болбой жатат. Сатуучулар шекер баасы мындан ары да кымбаттай турганын билдиришүүдө.

“Мамлекеттик дүкөндөрдө шекердин килосу 7 манат (2 доллар) турат. Айрым соода түйүндөрүнүн текчесинен табуу мүмкүн эмес. Жеке дүкөндөрдө аны 9-10 манаттан сатып, сатуучулар шекердин баасы жакында 15 манатка чыгарын эскертишүүдө”, - деп билдирди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы.

Анын айтымында, учурда азык-түлүк дүкөндөрүндө узун кезек жаралууда. Шаар тургундары негизинен кумшекер, ун жана суу май үчүн кезекке турушууда.

Бул арада балдар тамак-ашы, гигиена каражаттары кымбаттады.

Пикир

Оставить комментарий