• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саясатчы Кемпир-Абаддын айланасындагы кырдаал боюнча: "Теманы түшүнбөй кеп-кеңеш бергендер көбөйдү"

Коом 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. Саясатчы Бакыт Бакетаев Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы кырдаал боюнча айрым саясатчылардын жана блогерлердин сөздөрүнө комментарий берди.

Анын айтымында, айрым адамдар маселени тереңдеп түшүнбөй туруп эле ар кандай жетишкендиктерди, аракеттерди, ийгиликтерди терс кабыл алып, атайын саясий упай топтоо аракетин көрүүдө.

"Теманы түшүнбөй туруп эле интернет аркылуу ар кандай кеп-кеңеш бергендер көбөйүп кетти. Мунун баары жакшы, бирок айрымдар чектен ашып кетүүдө. Өздөрү эмне деп жатканын түшүнүшпөйт. Бул бир гана Кемпир-Абад эмес, Баткен боюнча дагы. Учурда биздин аскерлердин көйгөйү — техниканы душмандан эмес, алардын чалгындоосунан эмес, блогерлерден жашыруу болуп калды. Алар барып, алардын турган жерин көрсөтүп, ачыктап салып жатышат", - дейт саясатчы.

Бакетаев баса белгилегендей, чечимдерди кабыл алуунун жана мыйзамдаштыруунун коомдук-саясий механизми бар, башкача айтканда, бул Жогорку Кеңеш. Ал жерде өкмөттүн, көйгөйлүү маселени чечүү жолдорун билген адистердин катышуусунда талкуулар жана сын-пикирлер айтылышы керек.

"Бул абдан кылдаттыкты талап кылган маселе. Азыр баарын Кемпир-Абадка чакыруу бул колхоздун чогулушу, чогулгандар ызы-чуу кылышат. Балдар, иш антип жасалбайт. Маданияттуу чечимдерди кабыл алалы. Бизде парламент бар, алар чечим кабыл алсын, кийин сурап алабыз. Биз цивилизациялуу өлкөбүз. Бардык маселелерди жалпы эл менен талкуулай турган болсок, анда бизге Жогорку Кеңештин эмне кереги бар? Келгиле, анда чогулуп алып кыйкыралы, ким катуу кыйкырса ошонуку туура болсун. Парламентти болсо тараталы. Мындай болбойт да. Кыскасын айтканда, документтер ратификацияга берилгенде расмий маалыматты күтөлү", - деди Бакетаев.

Пикир

Оставить комментарий