• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө авариялык өчүрүүлөрдү тез арада калыбына келтирүү боюнча машыгуу башталды

Аймак 0

Бишкек, 02.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 2-октябрда Ысык-Көл электр тармактарында электр тармактарынын обьекттериндеги массалык авариялык өчүрүүлөрдү, технологиялык бузулууларды алдын алуу жана кесепеттерин өз убагында жою боюнча мобилдик бригадалардын машыгуусу башталды.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 2 октябрдан тартып 8 октябрга чейин созулмакчы.

Машыгуу Түп райондук электр тармактарынын аймагында өтүп, Бишкек, Чүй электр тармактарынан 2 жана Ысык-Көл электр тармактарынан 8 мобилдик бригадалар катышууда.

Машыгуунун алкагында мобилдик бригадалар эски 0,4 кВ алюминий аба чубалгыларын жаңы заманбап СИП зымдарына алмаштырышат. Бардык мобилдик бригадалар тиешелүү шаймандар, коргоо каражаттары, бригадалык автотранспорттор жана аткаруучу жумуштун көлөмү менен камсыз болушкан.

Мындай иш-чаралар мумкүн болуучу авариялык кырдаалдарды жоюга даярдыкты текшерүүгө жана баалоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий