• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 03.03.18. /Кабар/. Бүгүн, 3-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу Туунун 26 жылдыгы салтанаттуу белгиленди,-деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Иш-чарага КРнын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, легендарлуу парламенттин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери,шаар тургундары жана жаштар катышты.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Кыргызстандын жети облусунда, ар бир шаарларда туу күнү жакшы маанайда жана жогорку деңгээлде өтүп жаткандыгын белгилеп өттү.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Мамлекеттин туусу ачык асман алдында ар дайым желбирей берсин деген тилектерин билдирди.

“Мамлекеттик Туу бул өзгөчө, ыйык символ болуп саналат. Анткени, жаш жоокерлер тууну өөп ант берсе, жогорку мартабалуу бийлик органдарынын өкүлдөрү эл алдында расмий ант берген учурда колдолунат. Ошондой эле, туубуз 26 жыл ичинде республикалык жана дүйнөлүк ар кандай маанидеги иш-чараларда такай көтөрүлүп келүүдө. Мен айтаар элем: Ылайым элибиз ар дайым бүтүн болсун, элибиз эркин болсун, биздин ыйык Туубуз Кыргызстанда жашаган баардык улуттарды бириктирип турсун. Элибиз айтат: «ынтымактуу элден ырыс кетпейт» - деп, Мамлекеттик Туубуз ар дайым биздин жеңиштерди дүйнө жүзүнө даңазалап, желбирей берсин! Кайсы улуттун өкүлдөрү болсок да бири-бирибизди урматтап, сыйлап, Эгемендүү Мамлекетибиздин Туусун ыйык сактап, рухий дөөлөттөрүбүздү кийинки муундарга бөксөртпөй үлгү катары өткөрөлү”,- деди А.Кадырбаев.

Майрамдык иш-чаранын алкагында көркөм окуулар болуп, жаштар “Кыргызстан” деп ураан чакырып, жөө жүрүш уюштурду.

Белгилей кетсек, мамлекеттик тууну легендарлуу парламент эки ай талкуулап, 1992-жылдын 3-марттында кабыл алган. Быйыл Кыргыз Республикасынын туусуна 26 жыл толду. Туунун авторлору: Эдиль Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий