• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чаткалдагы мектептин шыбынын урашында окуучулар жабыркаган эмес — министрлик

Аймак 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Жалал-Абаддын Чаткал районундагы мектептин шыбынын урашында окуучулар жабыркаган эмес. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Терек-Суу айылында нөшөрлөгөн жаандан улам класстын шыбынан суу тамчылай баштаган. Класстын мугалими окуучуларды коопсуз жайга чыгарганга жетишкен. Окуядан эч ким жабыркаган эмес.

“14 бала жана мугалим мектеп маршруткасы менен Ала-Букадагы жалпы медициналык практика борборуна жөнөп кетишти. Балдардын эч кимиси денесинен жаракат алган жок, бирок чочуп калышкан. Мындан сырткары, мугалимдин кан басымы көтөрүлүп кеткен”, - деп айтылат маалыматта.

Эскертке кетсек, Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу кабинетинин шыбы урап түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий