• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Күйүп жаткан дөңгөлөктөрдү өчүрүүгө 5 күжүрмөн эсеп тартылды

Кырсык 0


Бишкек, 02.10.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Широкая көчөсү, 5 дарегинде дөңгөлөктөр өрттөнүүдө, учурда өрттү өчүрүүгө 5 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Мындан сырткары, жерине ИИМден 40 кызматкер, РЭТтен 1 бригада иштеп жатат. Ошондой эле учурда өрт өчүрүүчүлөргө Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун адистери да жеринде иштешүүдө.

Маалыматка ылайык, кабат-кабат жыйылган дөңгөлөктөрдөн чыккан өрттүн үйлөргө жайылып кетүүсүн алдын алуу иштери жүрүп жатат, өчүрүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий