• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек - Торугарт айланма жолунда жол кырсыгы катталды – видео

Кырсык 0


Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Бишкек-Торугарт унаа жолунун 47-чакырымында "Мазда 626" жана "Фольксваген" үлгүсүндөгү автоунаалар кагышты. Кырсык бүгүн, 16-сентябрда саат 16:00дөр чамасында катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, "Мазда 626" унаасы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам карама-каршы тилкеге чыгып, башка унаа менен кагышкан.

"Жол кырсыгынан жабыр тарткандар тууралуу маалымат такталууда. Анткени тез жардам кызматы келгенге чейин жабыркагандар жолдо өтүп бара жаткан унаалар аркылуу ооруканага жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий