• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кулагы укпайт жана сүйлөй албайт. Жалал-Абадда III топтогу майып дайынсыз жоголду

Кырсык 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын Арал айылынын тургуну 1996-жылы туулган Кубатбеков Дастан Замирбекович дайынсыз болууда. Ал 2021-жылдын 16-февралында саат 10:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Учурда Дастан Кубатбековдун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 160-165 см, өңү ак жүздүү, чачы, көзү кара, орто дене түзүлүштө, III топтогу майып, эки кулагы укпайт, сүйлөй албайт (дудук), эки көзү кылый.

Кийимдери: Башында боз түстөгү баш кийим, үстүндө кара жемпир, кызыл түстөгү жилет, күрөң түстөгү шым, бутунда жашыл түстөгү резина өтүк болгон.

Милиция Дастан тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү телефондорго чалып коюуну өтүнөт: 102, (03748) 5-02-09, (0778) 15-15-91, (0558) 16-16-91.

Пикир

Оставить комментарий