• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Маданият төңкөрүшү”: Кыргызстанда креативдүү ой жүгүртүү күндөрү старт алууда

Коом 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. Кыргызстанда “Маданият төңкөрүшү” аталыштагы ири флешмоб өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкектеги Ololo art studio’нун жана ololohaus коворкинг-жайынын түзүүчүлөрүнүн бири Айнур Аманалиева билдирди.

Анын айтуусу боюнча, долбоордун максаты – Кыргызстанда креативдүү экономиканы жылдыруу, бул өлкөнү эл аралык рынокко чыгарууга түрткү берет.

“Бизде материалдык ресурстарды экспортоого мүмкүндүк жок, бирок биз өзүбүздү интеллектуалдык продукттарды чыгаруу менен дүйнөгө тааныта алабыз. Ал үчүн биз өзүбүзгө ишенип, билим берүү менен креативдүүлүктү өнүктүрүшүбүз керек”, - дейт ал.

Аманалиева кошумчалагандай, креативдүү экономиканын негизи –өзүнө ишенген адам.

Флешмоб 24-мартта башталып, 7-апрелге чейин уланат. Иш-чаранын демилгечилери билдиргендей, бул даталар жөн тандалган эмес, анткени алар Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ.

“Креативдүү иш-чараны ар бир адам өткөрө алат. Негизгиси ал иш-чара өзүнө өнүүгү жана жаратмандык сапаттарды камтышы керек. Ар бир адам өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жараша өткөрө алат. Мисалы, бир класста сабак катары же болбосо мектептин деңгээлинде өткөрсө болот”, - дейт ал.

Иш-чарага катышуу үчүн:

- иш-чаранын датасын аныктоо;
- программа түзүү;
- Facebook’та ивент түзүп, @madaniyKG кошумча уюштурууларды белгилөө;
- маалыматты инстаграмга #madaniyKG теги менен жайгаштыруу;
- темага байланыштуу жайгаштырылган бардык маалыматтарга #РеволюцияКультуры жана #МаданиятТөңкөрүшү хештегтерин колдонуу;
- madaniyKG@gmail.com дарегина маалымат жиберүү.

Бүгүнкү күндө 40тан ашуун иш-чараны камтыган программа, манифест, лого жана социалдык тармактарда баракча түзүлгөн.

Ошондой эле маалымат жыйынынын катышуучулары билдиргендей, аталган иш-чаранын демөөрчүлөрү жана уюштуруучулары жок. Бул интеллектуалдык адамга көңүл буруу максатын көздөгөн коомдук долбоор.

Пикир

Оставить комментарий