• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте эки күн катары менен төрт троллейбус каттамга чыкпайт

Коом 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Бишкекте эки күн катары менен төрт троллейбус каттамга чыкпайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына байланыштуу Бишкектин Фучик көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин, Чүйдөн Манас проспектисине чейин убактылуу тосулат. Ошондой эле Ч.Айтматов проспектисинде мамлекеттик резиденцияга чейин унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет.

Мындан улам №2 менен №10 троллейбустардын каттамы өзгөрүп, №11, №6, №5 жана №14 троллейбустар каттамга чыкпайт.

№2 менен №10 троллейбустар Киев менен Москва көчөлөрү аркылуу жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий