• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алексей Миллер: «Газпром» Кыргызстанга 26,5 млрд рубль инвестиция салды

Коом 0

Бишкек. 29.03.19 /Кабар/. Бүгүнкү күнү «Газпром» Кыргызстанга жалпысынан 26,5 млрд рубль инвестиция салган. Бул тууралуу «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер кыргыз премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукканда билдирди.

Анын айтымында, «Газпром» өлкөнүн ички рыногуна кирүүдө беш жылдын ичинде 20 млрд рубль инвестиция салууга милдеттенген.

Ошондой эле Миллер «Газпром балдарга» социалдык долбоорунун ийгиликтүү ишке ашуусун белгиледи, анын алкагында Кыргызстандын аймактарында тогуз заманбап дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу комплекстер курулган.

Ал эми Абылгазиев «Газпром» өлкө үчүн ири инвестор катары гана эмес, анын көптөгөн социалдык маселелерин дагы чечүүдө. Өкмөт башчы кошумчалагандай, кыргыз тарап биргелешкен кызматташуунун алкагында жаңы долбоорлорду талкуулоого жана ишке ашырууга даяр.

Тараптар биргелешкен кызматташуунун актуалдуу темаларын, ошондой эле Кыргызстандын газ тармагын мындан ары карай өнүктүрүү, газ менен камсыздоо объекттерин модернизациялоо жана аймактарды газдаштыруу боюнча компаниянын пландарын талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий