• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кечээ Бишкекке Украинадан эвакуацияланган 72 кыргызстандык учуп келди — ТИМ

Коом 0

Бишкек, 12.03.22. /Кабар/. Кечээ, 11-мартта бишкек убактысы боюнча саат 22.45те Бишкекке уюштурулган чартердик рейс келди, аталган каттам менен Украинанын аймагынан Польшага киришкен 72 кыргызстандык жаран, алардын ичинде балдар, аялдар учуп келишти. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эвакуациялык авиакаттамды КР Тышкы иштер министрлиги польша тарабы жана Украинанын аймагына чыккан жарандарды мекенине жөнөтүүгө жардам берүүчү "Фронтекс" чек ара кызматы боюнча Европалык агенттик менен биргеликте уюштурду.

Азыркы кезде министрлик Польшадан Кыргызстандын жарандарын мекенине алып кетүү боюнча иштерди улантууда, ошондой эле жакын арада Чехиядан каттам менен кыргызстандыктарды эвакуациялоо иши Эл аралык миграция уюмунун Прагадагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен пландаштырылууда.

Бүгүнкү күнү Украинада Кыргызстандын 86 жараны жайгашууда. Жарандардын саны улам өзгөрүүдө, ошондуктан тизме улам жаңыртылып, ар бир жаран менен байланышуу иштелүүдө.

Жалпысынан Украинадан Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо мезгилинен бери КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелери 635 жарандын коопсуз аймактарга чыгышына көмөк көрсөттү:

Кыргызстанга келген жарандар – 163 жаран:

  • Венгриядан - 91 жаран;
  • Польшадан - 72 жаран.

Коопсуз өлкөгө чыгарылгандар:

  • Венгрияга - 59 (жалпы 150 жаран чогулган, алардын ичнен 91Кыргызстанга жөнөтүлдү);
  • Польшага - 267 (72 Кыргызстанга жөнөтүлдү, 100гө жакын жаран Польшада калууда);
  • Словакияга -20;
  • Румынияга- 26;
  • Түркияга – 66
  • Молдовага – 21
  • Чехияга - 85
  • Башка өлкөлөргө (Литва, Германия) - 18.

Ведомство КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жаткандыгын эскертет.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:

  • +380980254746,
  • +380507763494, ошондой эле элчиликтин «WhatsApp» тобу;

КР ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:

  • +996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери;
  • +996 703 428 865, +996 709 983 465, +996 554 065 215.

Пикир

Оставить комментарий