• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Шакиев Өзбекстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Өзбекстандагы расмий иш сапарынын алкагында кыргыз диаспорасына таандык маданий борбордун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууда төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттеринин ортосундагы алака жылдан-жылга өнүгүп жатканын эске салып, мында мамлекет башчыларынын тыгыз байланышы негизги ролду ойногонун кошумчалады.

“Чет жерде жашаган ар бир улутташыбыздын тагдыры кыргызстандыктардын жүрөгүндө, кыргыз бийлигинин көңүл чордонунда. Биз силерди унутпайбыз. Айрыкча, көп улуттуу боордош Өзбекстан мамлекети кыргыз жарандарына өзгөчө көңүл буруп, ар тараптуу колдоп келе жаткандыгы тууралуу кабарыбыз бар”, – деди Нурланбек Шакиев.

Ошондой эле маданий борбордун өтүнүчүнө ылайык, жакынкы аралыкта жасалгалуу кыргыз боз үйүн белек катары жөнөтөрүн убада кылды.

“Мындан тышкары, улуттук маданиятыбызды унутта калтырбай, этникалык кыргыздар арасында жайылтуу максатында 150дөн ашуун комузду да берип жиберебиз”, – деген Жогорку Кеңештин төрагасы алар Өзбекстандагы кыргыз мектептерине таратыларын билдирди.

Алсак, аталган өлкөдө кыргыз тилинде билим берген 51 мектеп бар.

Баарлашууда маданий борбордун өкүлдөрү Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган өзбекстандык этникалык кыргыздар үчүн жыл сайын 100 орун бөлүнөрүн белгилеп, анын санын көбөйтүүнү өтүнүштү. Андан тышкары, жогорку окуу жайды бүткөндүгүн далилдеген дипломдордун эки өлкөдө тең бирдей таанылышын камсыздоо маселеси айтылды.

Муну менен катар кыргыз тилинде сабак берген мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында Кыргызстанда кайрадан окутуу мүмкүнчүлүгүн түзүү маселеси да көтөрүлдү.

Ал эми Жызак облусуна караштуу Манас айылынын тургундары Айкөл Манастын эстелигин аталган айылга орнотууга көмөктөшүүнү суранышты. Андан тышкары, баарлашууда

Өз кезегинде Нурланбек Шакиев ар бир айтылган сунуш-пикир эске алынарын жана аларды чечүү боюнча тийиштүү иштер жасаларын кошумчалады.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Өзбекстан Республикасында расмий иш сапары менен жүрөт. Делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Азизбек Турсунбаев, Айсаракан Абдибаева, Гүлкан Молдобекова, Эльвира Сурабалдиева, Медербек Алиев бар.

Пикир

Оставить комментарий