• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Оштун мэри элдик жыйында көтөрүлгөн маселелер менен жеринде таанышты

Аймак 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов элдик жыйында түшкөн арыз, кайрылууларга ылайык, жашоочулардын көйгөйлөрү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Мэр "Сулайман-Тоо" муниципалдык аймактык башкармалыгынын Водозаборная, И.Закиров, Мамыров, Д.Садырбаев, Т.Атабаев, №49, Амир-Тимур көчөлөрүндө жашаган эл менен жолугушкан.

Калаа башчысы айтылган маселелерди карап чыгып, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине аймактагы маселелерди чечүү боюнча өз сунуштарын киргизүү, айрым маселелерди талдап чыгуу, талапка ылайык иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Аймакта жолдорго асфальт төшөө, балдар аянтчаларын, ирригациялык тармактарды жана тротуарларды куруу, көпүрөлөрдү оңдоп-түзөө, кичи автобустардын каттамдарын уюштуруу, уруксаты жок курулуштарды алып салуу боюнча маселелер бар.

Пикир

Оставить комментарий