• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Былтыр Тоң районунун аймагында өспүрүмдөр тарабынан 22 кылмыш жасалып, 2 иш сотко өткөн

Аймак 0

Бишкек, 27.02.21. /Кабар/. Тоң райондук прокуратурасынын басма сөз кызматынан райондун аймагында жашы жете электер тарабынан жасалган жана аларга карата жасалган кылмыштуулуктун абалы, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иш-чаралар тууралуу маалымат беришти.

Билдирүүго ылайык, жашы жете электердин укугун коргоо багытында иш алып баруу прокуратура органдарынын приоритеттик багыттарынын бири болуп саналат. Ошол себептен аталган багытта иш алып баруу жагына Тоң райондук прокуратурасы тарабынан да өзгөчө көңүл бурулуп келет.

Алсак, ​​2020-жылдын 12 айында Тоң районунун аймагында жашы жете электер тарабынан жасалган 22 жазык жана жорук иши Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн жыйынтыгы менен 20 иш реаблитациялык жана реаблитацияланбаган негиздер менен кыскартылса, 2 иш соттук кароого жөнөтүлгөн.

Ал эми 2020-жылдын 12 айында жашы жете электерге карата кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бардыгы 39 кылмыш жана жорук иши катталып, сотко чейинки өндүрүштүн жыйынтыгы менен 37 иш реаблитациялык жана реаблитацияланбаган негиздер менен кыскартылып, 1 жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.

Андан тышкары, бир жазык иши соттун кароосуна жөнөтүлгөн.​​​​​

Алсак, 2020-жылдын 31-июлунда Тоң районунун Көк-Мойнок-1 айылында Балыкчы шаарынын тургуну жашы жете элек С.Д. жогоруда аталган айылдын тургуну жашы жете элек К.Анын алсыз абалынан пайдаланып, зордуктаган факты Тоң РИИБси тарабынан КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш ишинин жыйынтыгы менен аталган иш соттук кароого жиберилип, бүгүнкү күндө соттук териштирүү жүргүзүлүүдө.​​​

Мындан сырткары, жашы жете электер тарабынан жасалган жана жашы жете электерге карата жасалган кылмыштар боюнча үй-бүлө менен иш алып баруу боюнча райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жана мамлекеттик администрациясынын балдар иштери боюнча комисиясына прокурордук көзөмөл жүргүзүлүп келет.​​​​​​

Белгилеп кетүүчү жагдай, Ысык-Көл областык прокуратурасынын көрсөтмөсүнүн негизинде 2020-жыл ичинде райондук прокуратура тарабынан Тоң РИИБси, райондук эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгы жана билим берүү бөлүмү менен биргеликте жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринде лекциялар окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, келген.

Мындан сырткары, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды өз учурунда аныктоо, ичкиликке берилген, балдарын тарбиялоодон баш тарткан ата-энелерди аныктоо максатында мектеп мугалимдери, ата-энелер жана жергиликтүү бийликтин соцадистери тарабынан бир катар рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн жана бүгүнкү күндө да уланып келүүдө.​​

"Мындан ары да райондук прокуратура тарабынан жашы жете электер тарабынан жана аларга карата жасалган зомбулуктун алдын алуу, алардын укугун коргоо боюнча прокурордук көзөмөл күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлө бермекчи", - деп маалымдады Тоң районунун прокурорунун улук жардамчысы Темирбек ​​​​​Тешебаев.

​​​​​​Белгилей кетсек, Тоң районунун аймагында бүгүнкү күндө жалпысынан 30 жалпы орто билим берүү мектеби, 1 кесиптик лицей жана 7 бала бакча иштеп жатат.

Район боюнча 10 миң 781 окуучу билим алып жатса, 1 056 бөбөк бала бакчада тарбияланууда.

Пикир

Оставить комментарий