• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

ОшМУнун делегациясы Өзбекстанда эл аралык конференцияга катышты

Аймак 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин делегация Өзбекстандагы Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинде академик Махмуд Салахитдиновдун 90 жылдыгына арналган “Дифференциалдык теңдемелердин заманбап маселелери жана алардын колдонулушу” аттуу эл аралык конференцияга катышты.

Окуу жайдан маалымдашкандай, делегацияны окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков жетектеп, конференцияда сөз сүйлөдү.

“Академик Салахитдинов физика-математика илимдеринин 9 докторун жана 38 кандидатын даярдап чыгарган, алар окумуштуунун чоң илимий-педагогикалык мектебинен өтүп, азыр Өзбекстандын жогорку окуу жайларында жана илимий уюмдарында илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн Өзбекстандын жана анын чегинен тышкары жерлерде, анын ичинде Кыргызстанда да улантып жатышат", - деди Кудайберди Кожобеков.

Ал белгилегендей, учурда Ош мамлекеттик университетинде жана Кыргызстандын башка жогорку окуу жайларында Ташкентте кандидаттык жана докторлук диссертацияларды жактаган 20дан ашуун окумуштуулар эмгектенишет. Бүгүнкү күндө ОшМУ Өзбекстандын ЖОЖдору менен алгылыктуу кызматташып келүүдө. Анын ичинде Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университети менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгү, профессордук-окутуучулук курамдын тажрыйба алмашуусу, биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү багыттары жакшы жолго коюлган.

Иш сапардын алкагында ректор Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинде учурда академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алып жаткан ОшМУнун студенттери менен жолугушуп, пикир алышты.

Андан сырткары, Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору Раима Ширинова менен жолугуп, эки окуу жайдын ортосундагы билим берүү, илим изилдөө, студенттердин, окутуучулардын ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча кызматташуу багыттарын талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий