• 88.68
  • 95
  • 0.95

24-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 24-ноябрда республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +11...+16, Талас облусунда +11...+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл облусунда +2...+7, Нарын облусунда +3...+8 градус болот.

Ал эми Бишкекте абанын табы +13...+15 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий