• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын милициясы сел каптаган Чаңгыр-Таш айылына жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Чаңгыр-Таш айылында катуу жааган жамгырдан кийин сел жүрүп, көпчүлүк турак-жайларды каптаган. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Бул апааттан жабыркагандарга жакындан жардам көрсөтүү максатында Жалал-Абад шаардык милициясы жетекчилиги баш болуп жамааты менен ошол айылга барышып, ылай баскан короолорун тазалашып, ар тараптуу жардамдарын беришти.

Жергиликтүү тургундар милициянын бул кадамына ыраазычылыктарын билдиришип, ак баталарын беришти. Ал эми Жалал-Абад ШИИБдин начальниги, милициянын полковниги Алмаз Кубатбеков өз сөзүндө Кыргызстандын кайсыл жеринде болбосун жаран катары Жалал-Абад шаардык милициясы да кайдыгер карап турбастыгын айтып, милиция кызматкерлери күн, түн дебей кызмат кылууга даяр экендигин билдирип өттү.

Белгилей кетүүчү жагдай, сел каптаган күндөн тартып Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан жалпы 20дан ашык үйгө жардам көрсөтүлүп, короолору тазаланган.

Пикир

Оставить комментарий