• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ажылык-2024. Зыяратчыларды Flaynas жана Jazeera Airways авиакомпаниялары тейлейт

Коом 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Кыргызстандык зыяратчыларды Flaynas жана Jazeera Airways авиакомпаниялары тейлейт.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, Flaynas авиакомпаниясы каттамдарды Бишкектен аткарса, ал эми Jazeera Airways авиакомпаниясы Ош багыты боюнча аттанган зыяратчыларга кызмат көрсөтөт.

Эске салсак, быйыл Сауд Аравиясы 2024-жылкы ажылыкка Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажылык сапардын баасы 3 миң 750 доллар деп белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий