• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жаңы стадион куруу үчүн ыңгайлуу жер изделүүдө - Арпачиев

Коом 0

Бишкек, 24.05.19. /Кабар/. Азыркы учурда жаңы стадионду куруу үчүн жер тилкеси изделүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев билдирди.

Анын айтымында, жер тилкеси 25 гектардан кем болбошу керек.

"Жакында эле Душанбеде 60 млн. долларга стадион курушту. Бизге да болжол менен ушунча каражат керек болот. Стадиондун аймагында бассейн, мейманкана, спорттун түрлөрүнө жараша өзүнчө залдар керек", - деп билдирди Арпачиев.

Пикир

Оставить комментарий