• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башкы прокурор жаңы кодекстер ЖКда кабыл алынгандан кийин качан күчүнө кирерин айтты

Коом 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев журналисттерге жаңы кодекстер (Кылмыш-процессуалдык, Кылмыш, Кылмыш-аткаруу жана мыйзам бузуулар тууралуу) качан күчүнө кирерин айтты.

Ал жаңы кодекстер ушул жумада Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөрүн белгиледи.

“Белгилүү болгондой, ал жакта 3 окуу бар, эгер жаңы кодекстер долбоору 3 окууда тең кабыл алынса – бул 1 же 1,5 айды талап кылат, анда биз жаңы кодекстерди 1-сентябрдан тартып ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Ага жетишпесек, анда 2022-жылы 1-январдан тартып иштейт”,-деди ал.

Ошондой эле, Зулушев жаңы кодекстерди кабыл алуу 1-январга чейин жылып кетиши мүмкүн экенин айтты, анткени бардык укуктук статистика электрондук маалымат базасына өткөрүлөт, бул жаңы кодекстердин күчүнө киришине түздөн-түз таасир этет.

“Азыр програмисттерибиз мунун үстүнөн күнү-түнү иштеп жатышат. Эгер алар жетишсе 1-сентябрдан баштап жаңы кодекстер күчүнө кирет”,-деди башкы прокурор.

Пикир

Оставить комментарий