• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын футбол федерациясы «Футбол сулуусу-2017» сынагын өткөрөт

Коом 0

Бишкек, 10-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын футбол федерациясы «Футбол сулуусу-2017» сынагынын башталышы тууралуу маалымдайт.

Футбол федерациясынан билдиришкендей, сынакка катышууну каалагандар футболдук стилдеги сүрөтүн жиберүүлөрү зарыл.

“Сиздер жөнөткөн сүрөттөрдүн ичинен “Футбол сулуусу-2017” титулуна күрөшө ала турган 10 катышуучу биздин сайтта добуш берүү аркылуу тандалат”, - деп билдиришти федерациядан.

Сынактын жеңүүчүсү эл аралык иш-чараларда КР футбол федерациясынын атынан чыгып, ар кандай фото жана видео тартууларга катыша алат.

Эскерте кетсек, өткөн жылы “Футбол сулуусу-2017” Карина Уразова болгон.

Пикир

Оставить комментарий