• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ноокат райондук милиция кызматкерлери элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Аймак 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Ноокат райондук милиция кызматкерлери элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-апрелде Ноокат райондук Ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдама унаасы менен Ноокат РИИБдин начальниги Талгат Осконалиев жана өздүк курамы Ноокат районунун Кара-Таш, Нойгут, Чечме-Сай жана Каленин айыл аймактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө бул айылдардын жашоочуларына КР президентинин “Үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп- адаттарын тартиптике келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” жарлыгы боюнча талкуу болуп ысырапчылыкка жол бербөө боюнча, бул иш-чара калктын социалдык-экономикалык шартын жакшыртууга болгон кадамдар экенин жана мындай ашыкча ысырапкорчулуктан улам айрым жарандарыбыз карызга батып, жаман кесепеттерге дуушар болуп, терс көрүнүштөр жаралып жаткандыгы боюнча Ноокат районунун ар бир айылында тажия болгон жерлерде жана жумаа окулуучу мечиттерде ар бир айылдын айыл башчылары райондун имам хатиби жана имамдары менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий