• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сел жүрдү. Бостериде каналдан суу ашып, жолду жана үйлөрдү каптады

Аймак 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ысык-Ата районунда бүгүн болжол менен саат 11:45де катуу жааган жаандан улам, сел жүргөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суу Бактуу-Долоноту айылында 3 турак үйдүн короо жайын каптаган, учурда сел суулары жерге сиңип кеткен.

“Бостери айылында ички чарбалык каналдан суу ашып, ички чарбалык унаа жолду жана 15 турак үйдүн короо жайларын каптаган. Азыркы учурда атайын техника тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Булан-Сөгөтү айылында 1 орто мектептин жер төлөсүнө сел суулары кирип, 13 турак үйдүн короо жайларын каптаган, учурда турак үйлөрдү каптаган сел суулары жерге сиңип кеткен”, - деп билдиришти ӨКМ кызматынан.

Жеринде райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий