• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад мэри Достук аймактык башкаруусундагы көйгөйлөр менен жеринен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тийиштүү жетекчилер менен биргеликте шаардын Достук аймактык башкаруусундагы көйгөйлөр менен жеринен таанышып чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда аталган аймактагы көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда унаа токтотуучу жайлардын жоктугу, жол четинде тротуарлардын жоктугу, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын көрктөндүрүү, сел суулары кирип кетчү көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүн тосуу сыяктуу көйгөйлөр айтылды.

Калаа башчысы айрым маселелер жакынкы күндөрү чечиле турганын, ички жолдорго, троутарларга асфальт төшөө, унаа токтоочу чатырларды куруу сыяктуу маселелер 2022-жылдын бюджетине киргизилерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий