• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ички иштер министринин орун басары Ош шаардык милициясын текшерди

Аймак 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Ош шаарына иш сапары менен барып, шаардык милициясын текшерди. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Ош шаардык ички иштер башкармалыгында, башкармалыктын Ак-Буура жана Сулайман тоо милиция бөлүмдөрүндө, Ош шаардык ИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматында болду.

Кызматкерлер жумуш орундарында болуп, алардын кызмат шарттары менен таанышып чыкты. Кызмат учурунда пайда болуп жаткан айрым маселелерди сурады. Аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу зарылдыгын белгилеп, бөлүмдөрү менен кызматтарында болуп, алардын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү менен жеринде таанышып чыкты.

Урмамбектов аныкталган айрым кемчиликтерди тез арада жоюу талабын койду.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматында болгон министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов кызматкерлердин атайын каражаттары, авто-мототехникалары жана нөөмөт бөлүмү менен таанышты.

Ошондой эле кызмат учурунда пайда болуп жаткан айрым маселелер боюнча сураган.

Урмамбетов Ош шаардык ички иштер башкармалыгында башкармалыктын Ардагерлер кеӊешинин иши менен таанышып чыкты. Ардагерлер кеӊешинин төрагасы Касым Кадыров менен болгон баарлашыуусунда ИИО ардагерлеринин бүгүнкү күндөгү абалына, ден соолугуна кызыкты, зарыл болгон жардамдар көрсөтүлө тургандыгын белгилеп өттү.

Андан соӊ, башкармалыктын бөлүм менен кызмат башчылары менен жыйын өткөрүлдү.

Жыйында бүгүнкү Ош ШИИБнын кызматкерлерине өткөрүлгөн окуу айгайынын (учебная тревога) жыйынтыктары айтылды.

Октябрь Урманбетов кызматкерлерге мыйзамдуулукту коргоп, кызматтык тартипти бекем сактоону талап кылды. Ошондой эле жыйында алдыда келе жаткан ири саясий иш-чара учурунда коомдук тартипти сактоо багытындагы көрүлө турган иш-чараларды талкууланды.

Чогулуштун жыйынтыгында ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматкерлердин эч бир шайлоо процессинде кийлигишпөөсү жана үгүт иштерине аралашпоосу зарылдыгы боюнча талабы өздүк курамга дагы бир ирет каттуу эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий