• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алимбаев ЮСАИДдин Кыргызстандагы өкүлү менен Баткен облусун өнүктүрүүнү талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев ЮСАИДдин Кыргызстандагы директору Кит Симмонс менен жолугушту.

Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, тараптардын жолугушуусу Кызыл-Кыя шаарында өткөн.

Жолугушууда “Глобал Гармент” тигүү фабрикасынын ишмердүүлүгү жана ошондой эле алдыда облус аймагында ишке аша турган долбоорлор менен кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр болду. Облус башчысы жергиликтүү ишкерлерге экономикалык колдоо көрсөтүп, аймактын өнүгүүсүнө салым кошуп жаткандыгы үчүн ЮСАИДдин өкүлүнө ыраазычылык билдирди.

Тараптар Кызыл-Кыя шаарындагы “Глобал гармент” тигүү фабрикасынын ишмердүүлүгү менен да таанышышты.

Өлкөнүн түштүк аймагы боюнча эн чоң фабрикалардын бири саналган “Глобал гармент” тигүү цехи 2019-жылы ачылган. Ишканага ЮСАИД тарабынан 214 миң доллар каржылык колдоо көрсөтүлгөн. Ал эми жетекчилик жеке каражатынан 260 миң доллар жумшап, жалпы 500 миң доллардын тегерегинде инвестицияланган.

Учурда фабрикада 500дөн ашуун жумушчу бар. Бүгүнкү күндө жумушчулар транспорт менен камсыздалган. Күн сайын эки маал ысык тамак берилип, шарттар түзүлгөн. Тигүү цехи алдыда жумушчулардын санын миңге жеткирүүнү пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий