• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен: Ишкердикти өнүктүрүүдө мүмкүнчүлүктөр кеңейүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.08.19. /Кабар/. Аймактардагы ишкерлер үчүн Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунан старт-ап програмасынын негизинде насыяны түз алууга шарт түзүлгөн. Аталган фонддун өкүлдөрү кечээ, 9-августта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жылдызбек Исакулов, өкүлдүн орун басары Чынара Саттарова жана жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту.

Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунан старт-ап программасынын негизинде берилүүчү насыянын жалпы көлөмү 1 млн. долларды түзүүдө. Же болбосо пилоттук катары тандалып алынган Баткен, Нарын, Талас облустарынын ар бирине 200 миң доллардан 350 миң долларга чейин каражат каралган.

"Бул мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн ишкерлер буга чейин фонддун ачык конкурсуна катышышкан. Баткен аймагынан жарандардын ишкердикти өнүктүрүү боюнча жазган үч мыкты долбоорлору атайын түзүлгөн комиссия тарабынан Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна сунушталды. Алар “Алыш-Дан-Органик” Айыл чарба кооперативи,”Агро Баткен” жана “Равшанбек” ишканалары болду. Алдыда фонд тарабынан белгиленген критерийлерине ылайыктуу долбоор тандалып, каржылоого алынат", - деп билдиришти өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн.

Пикир

Оставить комментарий