• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаардык милициясы балдар үйүнө материалдык колдоо көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык милициясы «Ак-Жол» балдар үйүндө тарбияланган өспүрүмдөргө материалдык колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Андан тышкары, милиция кызматкерлери тарабынан №6 орто мектебинде жаштардын ынтымагын бекемдөө максатында конференция уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Окуучуларга «Кылмыштуулуктун арты темир тор» аталышындагы чакан сахналаштырылган көрүнүш жана патриоттук видеороликтер көрсөтүлдү. Өспүрүмдөрдүн кызыктырган суроолоруна жооптор берилип, окуучулар менен кенен талкуу орун алды.

Ошондой эле милиция кызматкерлери жаштарды мыкты билим алууга, мекенди сүйүүгө жана коргоого, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууга чакырышып, кылмыштуулуктан, тамеки тартуудан, спирт ичимдиктерин алыс болууга үндөштү.

Пикир

Оставить комментарий