• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ: Жалал-Абадда курал-жарактар жана сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терилери табылды

Аймак 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагынан курал-жарактар жана сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терилери табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Жалал-Абад облусунан курал-жарактардын арсеналын табышты. Аксы районунун 47 жаштагы жашоочусу ар кайсы түрдөгү ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактап жүргөн.

Мындан тышкары, ИИМдин КМКнын кызматкерлерине азият түспөлүндөгү 40-45 жаштардагы адам өзүнүн үйүндө күжүрмөн ок атуучу куралдарды сактап жүргөндүгү жана уюшкан кылмыштуу топтордун адамдары менен байланышы бар болушу мүмкүн делген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул маалымат кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2021-жылдын 5-ноябрь күнү Аксы районунун тургуну 1974-жылы туулган Ш.Э. кармалгып, анын жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда курал-жарактардын арсеналы табылды:

- номуру өчүрүлгөн 7,62 калибрлүү “Сайга” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал;

- 7,62 калибрлүү “Мосина” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал (карабин);

- жаралма курал – колго жасалган бычак.

Андан сырткары, шектүүнүн үйүнөн аюу, сүлөөсүн, суусар сыяктуу сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терилери табылган. Белгилей кетүүчу жагдай, бул жаныбарлар Кызыл китепке кирген.

Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Жазык кодексинин 253-беренесинин 3-бөлүмү ("Ок атуучу куралдарды, ок-даарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда мыйзамсыз аракеттерди жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий