• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Элчи Кемелова түштүк кореялык Korea Telecom компаниясынын президенти менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 20-августунда Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Korea Telecom (КТ) компаниясынын президенти Ку Хён Мо менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Кореядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар үстүбүздөгү жылдын июлунда болгон бизнес-делегациянын жыйынтыктарын талкуулашты. Тактап айтканда, энергетика, саламаттыкты сактоо, туризм багыттарына жана МКТ анын ичинде «Акылдуу шаар» инвестициялоо маселелери сүйлөшүлдү.

КТ президенти экономиканын артыкчылыктуу секторлорунда долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын чоң дараметин белгиледи. Биргелешкен жумуш алып барган учурда МКТ багытында Кыргызстандын региондо биринчи орунга чыгуу мүмкүнчүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Ку Хён Мо санариптештирүү жаатында өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүү, ошондой эле долбоорлордун ишке ашыруу учурунда маалымат технологиялар чөйрөсүндө адистерди даярдоого корпорациянын даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий