• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткендин чек арага жакын айылдарындагы мектептер өз ишин жандантты

Аймак 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Баткен облусунун чек арага жакын айылдарындагы мектептер өз ишин жандантты.

Баткен облустук милициясынан билдиришкендей, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Көк-Таш айылындагы 2022-жылдын 27-январындагы тажик тараптын куралдуу кол салуусунан улам чек арага жакын жайгашкан айылдардагы мектептерде окуу убактылуу токтотулган.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 31-январда Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек, Көк-Таш, Ак-Сай, Орто-Боз, Паскы-Арык, Таш-Тумшук айылдарында жайгашкан билим берүү мекемелери, орто мектептер өз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштады.

Мектеп окуучуларынын коопсуздугун балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери көзөмөлгө алып, жеринде күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Мындан сырткары, аталган аймактарда коомдук тартипти көзөмөлдөө, чагымчыл аракеттерге жол бербөө максатында ички иштер органдарынын кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий