• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сокулук районунда түнкүсүн чоңдордун коштоосу жок жүргөн 32 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 28-29-январь күндөрү Сокулук районунда “Өспүрүм түн” аталышындагы алдын алуу рейд иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейдге РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, райондук билим берүү бөлүмү, социалдык өнүктүрүү кызматы ошондой эле Крупский жана Сокулук айыл аймагынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада түнкүсүн ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок көчөдө жүргөн балдарды аныктоо жана аларга алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн коомдук жайларда текшерүү иштери жүргүзүлдү. Анда кафе-ресторан, компьютердик клубдар жана башка коомдук жайлар текшерилди.

Сокулук районунда жүргүзүлгөн рейд учурунда түнкүсүн жүргөн 32 жаш өспүрүм аныкталып, алардын ата-энелери чакыртылып түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Өспүрүмдөргө байланыштуу кылмыштардын жана тартип бузуулардын алдын-алуу, алардын мыкты билим алуусу үчүн ар дайым ата-энелер тарабынан да көзөмөлдөө зарылдыгы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий