• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарынын 130 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болот

Аймак 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште “Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (2-фаза)” долбооруна Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан берилүүчү инвестициялык гранты боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Баяндамачынын айтымында, Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуу тутумдары 1950-1960-жылы курулгандыктан, азыркы учурда суу түтүктөрүнүн жабдуулары реабилитациялоого жана реконструкциялоого муктаж. Долбоордун жыйынтыгы менен 136800 адам таза суу менен камсыз болот.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн каржылык каражаттар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүдө.

Долбоордун жалпы наркы 9,275 млн евро түзөт, анын ичинде:

- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредити – 4 млн евро;

- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фондунун гранты – 4,125 млн евро;

- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын гранты - 1,15 млн евро.

Насыя 15 жылга 3 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен Euribor +1,0 пайыз (өзгөрүлүп туруучу пайыздык коюм) аркылуу берилет. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 3 жыл.

Депутат Дастан Бекешев таза суу менен камсыз кылуу жаатында алынган насыялык каражаттар натыйжа бербей жатканын билдирди. “Мисалы, долбоордун биринчи фазасынын жүрүшүндө Каракол шаарында жакшы натыйжа байкалган жок”, - деп кошумчалады ал.

Таза суу менен камсыздоо департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин айтымында, таза суу өз багытында пайдаланбагандыктан, суу көлөмү 2-3 эсе көп берилүүдө. “Ошондон улам, анын кайтарымы начарлап жатат. Калкты таза сууну сарамжалдуу пайдаланууга үйрөтүү зарыл”, - деген жообун берди.

Депутат Экмат Байбакпаев ушул сындуу акча өөнөгө мүмкүн болгон жерлердин баарын Каржы министрлиги басып алып, башка органдардын акчалуу иштерине кийлигишип, долбоорлор боюнча тендерлерди өткөрүп жатканын сынга алды. “Бир кезде Каржы министрлиги малды да тандай баштаган, ал суу менен малды кайдан билет? Мындай жосундарды токтотуп, ал иштер менен ошол тармакты жакшы билген мекемелер алектениши керек”, - деди ал.

Андан тышкары, жеӊилдетилген насыя каражаттары 15 жыл аралыгында толугу менен жергиликтүү бюджеттердин эсебинен төлөнөрү, ошого жараша калкка берилген таза суунун наркы да көтөрүлө турганы белгилүү болду. Анткени, каржы донорлорунун талабы ушундай. Мисалы, Каракол шаарында суунун баасы 110 пайызга көтөрүлүүгө тийиш. Шаардык кеӊеш ага макулдугун берген. Бул башка шаарларга салыштырмалуу кыйла арзан болгондуктан, өзүн актабайт, насыянын калган бөлүгү жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

Пикир

Оставить комментарий