• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад мэри эл аралык олимпиадада ийгилик жараткан окуучуларды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков математика предмети боюнча эл аралык олимпиадада ийгиликке жетишкен Алихан Сооронбаевди жана Мухаммад Уламжановду кабыл алды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар мэри “илимдердин падышасы” аталган математика сабагы татаал жана терең түшүнүктү камтыган билим экенин белгилеп, татыктуу таалим-тарбия берген ата-энелерине жана мугалимдерине терең ыраазычылык билдирип, жаш математиктерди ийгилиги менен куттуктады.

Белгилей кетсек, ийгилик жараткан окуучулар Жалал-Абад шаарындагы “Илим” жеке менчик мектебинин 4-классында билим алышат. Алар математика сабагы боюнча мектеп окуучулары арасында онлайн түрүндө өткөрүлгөн эл аралык олимпиадага катышып, натыйжада Алихан Сооронбаев күмүш медалга ээ болсо, Мухаммад Уламжанов коло медалга ээ болуп, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Америкада жана Сингапурда өтүүчү эл аралык олимпиадага катышууга жолдомо утуп алышкан.

Пикир

Оставить комментарий